• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДИКТЕРГЕ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН ШАРТТАР МЕНЕН НАСЫЯ ТАРАТЫЛАТ

Автор:ruh_admin

Ноя 22, 2022

БАТКЕН. Улуттук банк коммерциялык банктарга баткендиктерге артыкчылыктуу тартипте насыя берүүнү акыры сунуш этти.

Банктын расмий сайтында маалымдалгандай, № 2022-П-12/71-1 (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен облусундагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтому кабыл алынды. Буга ылайык, Улуттук банк коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана «Кепилдик фонд» ААКка Баткен областында жашаган жана дагы жеке чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучулардын кредит-кепилдик алууга билдирмелерин артыкчылыктуу тартипте кароону, ошондой эле кредиттерди берүү боюнча өзүнүн ички жол-жоболорун кайрадан карап чыгууну сунуш этет.

Токтом менен кредиттерди-кепилдиктерди алууда карыз алуучулар тарабынан берилүүчү документтер боюнча Улуттук банктын талаптарын жеңилдетүү эрежелери каралган. Мындан тышкары аталган токтомго ылайык, карыз алуучуларга кредиттик рейтингдин негизинде берилген кредиттердин көлөмү көбөйтүлүп, керектөө кредиттерин берүүдө кредит боюнча ай сайын пландалган төлөмдөрдүн орточо айлык жалпы кирешеге болгон катышы кайра каралып чыкты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс