• Чт. Дек 1st, 2022

Популярные метки

ОШТОГУ ЖЫЙЫН ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДА ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЛДЫН АЛУУГА АРНАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 21, 2022

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы жол кырсыктарын алдын алуу максатындагы жыйын аяктады. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган жыйынга Ош шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринин окуу бөлүмүнүн башчылары жана социалдык мугалимдери катышышты. Ага Ош шаардык билим берүү мекемесинин жетекчилиги, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын балдар менен иштөө инспекциясынын жана милициянын кайгуул кызматынын тескөөчүлөрү дагы байма-бай аралашып, жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы жол кырсыктарын алдын алуу жана таптакыр болтурбоо үчүн мугалимдердин кошкон салымы чоң экендиги баса айтылды. Кошумча сабактарды өтүү жана мектептердин класстарында “Инспектордун жаш досу” бурчтары болушу керектиги дагы өзгөчө белгиленди.

Ошентип, милициянын кайгуул кызматынын өкүлдөрү Ош шаарындагы  бардык билим берүү мекемелерине жол эрежеси жөнүндө түшүндүрдү жана кошумча сабактарды өтүү графиги атайын жетекчилик тарабынан бекитилди. Мындан тышкары жол боюндагы жайгашкан мектептерге окуучунун элеси чагылдырган он даана макеттер кошумча орнотулган. Жыйындын жүрүшүндө жол кырсыктарын алдын алуу жана дегеле болтурбоо боюнча ой-пикирлер, сунуштар айтылып, бир катар суроолорго  жооптор кайтарылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс