• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

АЛА-БУКАДА АТКЕЗЧИЛИК ЖОЛ МЕНЕН АЙДАЛГАН МАЛ КАРМАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 21, 2022

ЖАЛАЛ-АБАД. УКМКга караштуу Мамалекеттик чек ара кызматынын Ала-Бука районундагы чек арачылар малдын ири тобу чек ара аркылуу мыйзамсыз айдалып баратканда колго түшүрүштү.

УКМКнын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан билдиришкендей,  Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы  Сары-Булак тилкесинде УКМКга караштуу Мамалекеттик чек ара кызматынын Ала-Бука районундагы чек арачылары чек ара тилкесине жакын жерден Аксы районунун Гүлбак айылынын тургуну, 1995-жылы туулган А.Э.ны кармашты. Ал Кыргызстандан Өзбекстанга беш буканы айдап баратыптыр. Ушундан көп өтпөй эле кыргыз чек арачылары Аксы районундагы Таза-Суу тилкесинен дагы Аксы районунун Үч-Дөбө кыштагынын тургуну, 1999-жылы туулган М. А. уулун дагы кармашты. Ал дагы 17 баш малды коңшу Өзбекстанга мыйзамсыз айдап баратыптыр.

Алдын ала эсептөөлөргө караганда, чек арада кармалган малдардын болжолдуу баасы 450 000 сомду түзөт. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, бардык малдар документтери менен кошо жергиликтүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс