• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

ЖЕРДИ МЫЙЗАМСЫЗ СООДАЛАГАН СУЗАКТЫН МУРДАГЫ АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ ЖАНА ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛЫШТЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 16, 2022

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Сузак Айыл Өкмөтүнүн мурдагы башчысы жана анын орун басары УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалышты.

Кармалган экөө тең жер тилкелерин алчуларга жасалма документ беришип, акча алып жатышкан жеринен колго түшүрүлдү. Ошентип,  атайын кызмат Сузак Айыл Өкмөтүнүн жасалма токтомдорун колдонуу менен жеке турак жай куруу максатында жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысына бөгөт койду. Бул кылмышта схема түзүүгө жана аны жүзөгө ашырууга Сузак Айыл Өкмөтүнүн мурунку башчысы Р.Х.М. жана анын орун басарынын түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталды. Булар жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча жасалма токтомдорду чыгарышып, а түгүл жасалма документ дагы жасап беришип, акча алып жаткан жеринде колго түшүрүлдү.

Аталган фактынын негизинде Кылмыш-Жаза Кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгү («Документтерди жасалмалоо») менен бирдиктүү реестрге катталып, кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс