• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕ БАЛДАРГА КАРАТА ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК КӨРСӨТҮҮ КЫСКАРДЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 15, 2022

БАТКЕН. Быйылкы өткөн он ай аралыгында Баткен облусунун аймагында өспүрүмдөрдүн зордук-зомбулукка кабылышы боюнча төрт гана учур катталды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда алты учурга аз. Өткөн жылдын 10 айында балдарга зомбулук көрсөтүү боюнча 10 факт катталган. Мындан тышкары быйылкы он айда 4 өспүрүм өз өмүрүн кыйган.

Бул туурасында Баткен облустук акимчилгинде аялдардын жана балдардын укуктары, гендердик теңчилик, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдар, жашы жете элек өспүрүмдөргө карата жасалган ырайымсыз мамилелер боюнча маселелер талкууланган жыйында ачык айтылды. Жыйында тиешелүү адистер тарабынан облус аймагында үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук-зомбулук,  алдын-алуу иштеринин абалы боюнча кеңири маалыматтар берилип, суроо-жооп жана талкуулар дагы кызуу жүрдү.

Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун башчысы Осмон Эркебаевдин айтымында, балдардын зомбулукка кабылуусунун башкы себеби — алардын кароосуз калганында. Аймакта миграция дагы абдан күч. Ошол себептүү балдар тууган-уруктарынын же кошунасынын кароосунда гана кайдыгер калып жатат.

Аталган жыйында ошондой эле балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн мектептерде класс жетекчилерди атайын окутуудан өткөрүп туруу, ошондой эле ата-энелер үчүн да окутуулар болушу абзелдиги, мындан тышкары коомчулук менен иштөө жаатында жамааттык билим берүүнү башкарууну жөнгө салуу зарылдыгы туурасында конкреттүү сын-сунуштар дагы айтылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс