• Чт. Дек 1st, 2022

Популярные метки

КАМАЛГАН ЖАРАНДЫК АКТИВИСТТЕР ДЕПУТАТТАРДАН КЕМПИР-АБАД БОЮНЧА КОМИССИЯ ТҮЗҮҮНҮ ӨТҮНҮШТҮ

Автор:ruh_admin

Ноя 10, 2022

БИШКЕК. Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргыз парламентине атайын комисси түзүү сунушу менен кайрылышты. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев билдирди.

 Сеидбек Атамбаевдин айтымында, Бишкек калаасындагы № 1-Тергөө абагына камалышкан жарандык активисттер депутаттар менен жолугушууда абактагы жашоо-шартына таптакыр даттанышкан жок.  Болгону Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматованын ушул тапта өнөкөт оорусу күчөгөндүктөн, № 1-Тергөө абагындагы дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, алардын үзгүлтүксүз жардамын алууда.

  • Кармалгандар, Кемпир-Абад боюнча депутаттык атайын комиссия

түзүү туурасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык депутаттарына Кайрылуу жолдошту. Кыргызстандын жана Өзбекстандын Тышкы иштер министрлери тарабынан Кемпир-Абад боюнча макулдашууга кол коюлгандан кийин, алардын түшүнгөнү боюнча Кемпир -Абад маселеси үчүн кимдир бирөөнү абакта кармоо жана аларга карата кылмыш ишин улантууга кажети жок экендигин дагы баса белгилешти, — дейт  Жогорку Кеңеш депутаты Сеидбек Атамбаев.

         Эске салчу жагдай: ушул жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына жарандык активисттер, саясатчылар жана депутаттар киришкен. 23-октябрда буларды массалык тинтүү иштери башталып, ара чолодо жыйырмадан ашуун адам кармалып, алар 48 саатка камалган эле. Тилекке каршы. 25-октябрга караган түнү Биринчи май райондук соту тарабынан аларды эки айга камоо чечими жар салынды. Баса, жарандык активисттердин жана таанымал саясатчылардын камалышы боюнча Ички иштер министрлиги атайын түшүндүрмө жасап, Кылмыш-Жаза Кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгын билдирген.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс