• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

БДК ОППОЗИЦИЯЛЫК УЮМУ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫНА КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОДУ

Автор:ruh_admin

Окт 21, 2022

БИШКЕК. «Бириккен демократиялык кыймыл» (БДК) оппозициялык уюму соңку сааттарда Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча маселе парламентте кандай шартта каралып жаткандыгы боюнча пикирин билдиришип, Жогорку Кеңештин депутаттарына атайын Кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда бийлик «Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга күч менен өткөрүп берүү аракетин» көрүп жаткандыгы, «Оппозиция өкүлдөрүнө, жергиликтүү активисттерге, журналисттерге жана блогерлерге жасалган кысым Жогорку Кеңештин депутаттарына басым көрсөтүү стадиясына өткөндүгү» баса белгиленди. БДК «Парламенттик комитеттин чечимине кол коюуга мажбурлоо үчүн төрагасы Чыңгыз Айдарбековго жана анын орун басарларына кысым көрсөтүү жол берилгис!»” деп эсептей тургандыгын катуу эскертти.

Айтмакчы, ушу жылдын 10-октябрында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргыз-Өзбек чек арасы, мунун ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болгон. Комитет  төрагасы Чыңгыз Айдарбеков дагы келишимдин долбооруна каршы добуш бергендигин ачыктап, өзүнүн чечимин тиешелүү документтерди көрбөгөндүгү менен түшүндүргөн.

Ал эми ушул жылдын 15-октябрында Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өткърүлдү. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров комитеттин чечимине кол койбогондугу үчүн Чыңгыз Айдарбековду төрагалык кызматтан алуу аракети башталгандыгын айткан эле. Бирок, Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде Кыргыз-Өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго кеңири жооп кайтарган. Анда ал ошондой эле талаш жерлердин дээрлик 99 пайызы Кыргызстанга  өткөндүгүн кошумчалаган.

 «Бириккен демократиялык кыймылы» ушул жылдын март айында түзүлгөн. Башкы максаты: демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү. Буга саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана башка активисттер мүчө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс