• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ПРЕЗИДЕНТТИН ӨЗГӨНДӨГҮ ЖОЛУГУШУУСУ ЭМОЦИЯ МЕНЕН КОШТОЛДУ

Автор:ruh_admin

Окт 5, 2022

ОШ. Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы КемпирАбад суу сактагычына байланыштуу эл менен жолугушуусуна Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери, ошондой эле айрым комитеттин төрагалары дагы катышышты.

Парламенттеги “Альянс” фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев журналисттерге билдиргендей, элдин суроолоруна президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп кайтарышты.

  • Жолугушуу абдан эмоционалдуу абалда жүрдү. КемпирАбад

суу сактагычы боюнча Өзгөндүн тургундары Президентке өтө ачуу суроолорду дагы узатышты. Бийлик башчылары “Бир дагы метр жерибиз башкаларга кеткен жок!” деп жооп кайтарышты. Тескерисинче, 1965-жылкы картада Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга карап калган учурлар бар. Ошол жерлердин баары сүйлөшүү жолу менен чечилди, биз утуш менен чыктык деп айтылды. Эми ратификацияга келсек, бардык документтерди карап көрөбүз. Азыр биз дагы «ак, же көк» деп айта албайбыз. Анткени, колубузда бир дагы кагаз жок! Бирок, жалпысынан алганда мен дагы чек ара маселеси чечилиш керек деген эле ойдомун. Анткени, буга чейинки бийликтегилердин баары сүйлөшүүлөр, делимитация, демаркация иштери болуп атат деп убакыт созулуп, анан алар бийликтен кетишкен. Ошол эле убакта депутаттардын талабы – жерибиз, суубуз, өзгөчө Кемпир-Абад эч кандай башка өлкөгө берилбеши керек! Расмий бийлик суу дагы, жер дагы биздики деп айтты, деди Жогорку Кеңештеги «Альянс” фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев.

Баса, эл өкүлү Жанарбек Акаев парламентте дагы бул маселе ийне-жибине чейин карала тургандыгын дагы кошумчалады.

Ал эми жолугушууга катышкан «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров журналисттердин суроосуна жооп кайтарып жатып, «КемпирАбад» суу сактагычы Өзбекстанга өткөндүгүн шардана кылды.

— Кемпир-Абад, чынында, Өзбекстанга кетти. Ошондой болуп 4000 гектардан ашыгыраак жер дагы кошо кетти. «Биз компенсациясын 1965-жылы алганбыз» дешет. Ошондуктан, мындай жыйын ачык-айкын өткөндө жакшы болмок. Тилекке каршы мындай жыйындарды кандай өткөрүшөөрүн билесиңер да! деп тызылдады «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров.

Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу Өзбекстан менен болгон келишим тууралуу расмий маалымат бериле элек. Мындан тышкары Президенттин басма сөз кызматы жолугушуунун жыйынтыгы туурасында дагы ачык айта элек.

Былтыр мартта Ташкен шаарында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Өзбек Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өткөн. Буга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзү катышкан. Ташиев эки өлкө анда КемпирАбад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын аймагы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдалануунуну өз ара  макулдашкандыгын билдирген. Ал кыргызстандыктар КемпирАбаддын суусунан толук пайдалана алышаарын баса белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой тургандыгын, алмашуу гана жүрөөрүн эскерткен.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс