• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ОШТУН ТУРГУНУ МАҢЗАТ КОЛДОНГОНДОР ҮЧҮН АТАЙЫН КӨМҮСКӨ ЖАЙ АЧКАН

Автор:ruh_admin

Окт 5, 2022

ОШ. Маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызмат тарабынан Ош шаарында маңзат каражаттарын колдонуу үчүн уюштурулган атайын көмүскө жайдын ишмердүүлүгүнө АКЫРЫ бөгөт коюлду. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, милициянын ыкчам кызматкерлери Ош шаарынын Рыспай Абдыкадыров көчөсүндө жашаган 75 жаштагы А.Р. аттуу тургун маңзат колдонуу үчүн көмүскө жай ачып, иштетип жүргөндүгүн аныкташты. Үйдү дыкат тинтүү маалында милиция кызматкерлери тарабынан маңзаттарды даярдоо жана колдонуу үчүн пайдаланылган буюмдар жана заттар дагы кошо табылды.

Ошентип, аталган үйдүн ээсине карата Кылмыш Кодексинин 290-беренеси (Маңзат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу, же кармоо) боюнча кылмыш иши козголду. Алынган бардык буюм далилдер соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлдү.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс