• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ОшМУнун психологдору Лейлекте иш алып барышууда

Автор:ruh_admin

Окт 5, 2022
 ОшМУнун психология кафедасынын онго чукул психолог-окутуучулары жана магистранттары ушул тапта Баткен облусунун  Лейлек районундагы мектеп мугалимдерине, ошондой эле окуучуларына психологиялык жактан жардам көрсөтүп жатышат.

Дасыккан психологдор окуучулар жана мугалимдер менен абдан тыгыз иштешип, алгачкы психологиялык жардам көрсөтүү менен көнүгүүлөрдү жана медитацияларды дагы үзгүлтүксүз жасатып жатышат. Буга дейре мындай топ Айдаркен шаарчасына эвакуацияланган Баткен облусунун жарандары менен дагы иштешип келишкен.

Ошондой эле Баткен районунун Тажикистан менен чектешкен аймактарындагы айылдардан эвакуацияланып ОшМУга келип жайланышкан жарандар менен кадимки жана онлайн форматта байланышып, психологиялык жардам көрсөтүлдү.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс