• Чт. Дек 1st, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕ ҮЙЛӨР КУРУЛУП БҮТКҮЧӨ, ЖАРАНДАР УБАКТЫЛУУ ЧАТЫРЛАРДА ЖАШАШАТ

Автор:ruh_admin

Окт 5, 2022

БАТКЕН. Баткен облусунда Тажик тараптын куралдуу баскынчылыгынын натыйжасында жапа чегишкен жана талкаланган үйлөр курулуп бүткөнгө дейре жарандар үчүн атайын чатырлар тигилип жаткан чагы. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, меши менен кийизден жасалган жылуу чатырлар ысык-суукта бирдей температураны сактай алат жана ден соолукка дагы таптакыр зыяны жок. Чатырлар бүгүн АкСай айылынын Капчыгай тилкесинде алгачкылардан болуп курулуп жатат. Эскерте кетээрибиз: үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабастан, КыргызТажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун ЧоңАлай районундагы чек аралык жана жарандык объектилерге ачык чабуул жасаган.

Кол салунун кесепетинен 140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан аргасыздан эвакуацияланган. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун аймагында 600дөн ашуун турак жай жабыркаган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит кетип, дагы 198 киши жабыркаган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс