• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ӨЗГӨНДӨ МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БЮДЖЕТТИК КАРАЖАТТЫ МЫЙЗАМСЫЗ САРПТАШКАН

Автор:ruh_admin

Окт 5, 2022

ОШ. Ош облустук прокуратурасы тарабынан Өзгөн райондук маданият бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды мыйзамдуу сарпталышына атайын текшерүү жүргүзүлүп, бир катар одоно мыйзам бузуулар ашкереленди.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Өзгөн райондук маданият бөлүмүнүн жооптуу кызмат адамдары 2018-2021-жылдар аралыгында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, жогорулатылган эсеп менен айрым аймактык маданият үйлөрүнүн жетекчилерине мыйзамсыз айлык акыларды төлөп келишкен. Ошондой эле иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге дагы айлык акыларды чегеришип, акча каражаттарды өздөрү гана алып жүрүшкөн. Ошентип, жогорудагы мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен мамлекетке жалпысынан 1 миллион 526 миң 859 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Ошондуктан, аталган фактынын негизинде Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-Жаза Кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, ушул тапта тергөө аракеттери кызуу жүргүзүлүүдө.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс