• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ЖОГОРКУ СОТ КРИМТӨБӨЛ “ЖЕНГОНУ” АКТАГАН ӨКҮМДҮ ЖОККО ЧЫГАРДЫ

Автор:ruh_admin

Окт 4, 2022

БИШКЕК. “Женго” каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновго чыккан эки инстанциянын өкүмдөрү акыры жокко чыгарылды. Бул туурасында Жогорку сотттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ошентип, Жогорку соттун ушул жылдын 21-сентябрдагы чечими менен эки инстанциянын өкүмдөрү жокко чыгарылып, иш жаңы курамдагы биринчи инстанциядагы сотко жаңы кароого жөнөтүлдү. Буга дейре Ош облустук соту Кара-Суу райондук сотунун Кадырбек Досоновду актаган чечимин күчүндө калтырган эле.

Кадыр Досонов 2021-жылдын 11-февралында кармалып, дароо камакка алынган. Ошол эле жылдын декабрында Кара-Суу райондук соту аны үй камагына чыгарган, бирок “Жасаган кылмышынын оордугуна жана кылмыш дүйнөсүндө ээлеген ордуна байланыштуудеген негизде ал кайра камакка алынган. Ага Карактоо, Маңзат соодасы” жана Адам уурдоо” фактылары боюнча айыптар тагылган. Кийинчерээк Ош шаардык соту Кадыр Досоновду каратып туруп актап жибирген.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордук.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс