• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАҢЫ МУНИЦИПАЛДЫК БАЗАР ИШКЕ КИРИШТИ

Автор:ruh_admin

Окт 4, 2022

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык базар ишке киришти. Бул туурасында шаардын мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, эки жолу өрткө чулганган ЖалалАбад шаарынын борбордук базары белгиленген өрт коопсуздук талаптарына таптакыр жооп бербейт эле. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик шаардын борбордук базарын коопсуз жайга көчүрүү чечимин чыгарган. Ошентип, жаңы муниципалдык базар акыры пайдаланууга тапшырылды. Жаңы базардын аянты 3,5 гектар жерди ээлеп, ал жерде бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Муниципалдык базарда миңге чукул соода жайлары, атайын унаа токтотуучу жайы дагы бар.

Ошентип, Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык базардын курулушуна шаардык бюджеттен 25 миллион сом бөлүнгөн. Бул базардын ачылышы менен жергиликтүү бюджетке кирешенин көбөйүшү дагы күтүлүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордук.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс