• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

USAID БАТКЕНДЕГИ ЖЕР КОТОРГОН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ 8 МИЛЛИОН СОМ БЕРДИ

Автор:ruh_admin

Окт 4, 2022

БИШКЕК. АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) бөлгөн каражат (100 миң АКШ доллары) Баткен облусунда жер которгон 400дөй үйбүлөгө гана таратылат. Бул каражаттар Баткен облусундагы чек ара кагылышууларынан жапа чегишкен кыргызстандыктардын шашылыш гуманитардык муктаждыктарын канааттандырууга гана сарпталат.

Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай Коомдор Федерациясы бул көп максаттуу акчалай жардамды чек ара жаңжалынан жабыр тартышкандарга жардам көрсөтүү үчүн таратат.

  • Бул каржылоо Америка элинен Кыргыз Республикасынын

элине колдоо иретинде гана. Биз Баткендеги жүздөгөн үйбүлөлөр дуушарланган кыйынчылыктарды жеңилдетүүгө жардам берген эл аралык гуманитардык аракеттерге өз салымыбызды кошуп жатабыз, — деди АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Буга чейин USAID ЮНИСЕФ жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому аркылуу 1000 гигиеналык комплектилерин дагы берген эле. Бул комплектилер 5 миң адамдын, мунун ичинде Баткен облусундагы 2 миң баланын муктаждыктарын канааттандырууга жардамдашты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс