• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ЧЕК АРА ЖАҢЖАЛЫНДА ЖАПА ЧЕГИШКЕН ИШКЕРЛЕРГЕ ЖЕҢИЛДИКТЕР БЕРИЛЕТ

Автор:ruh_admin

Окт 4, 2022

БАТКЕН. Экономика жана коммерция министрлиги 14-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалда жапа чегишкен Баткендин жергиликтүү ишкерлерин салыктан убактылуу бошотууну сунуш этти. Министрлик коомдук талкууга алып чыккан долбоорго ылайык, ишкерлер быйылкы жылдын сентябрынан тартып, 2014-жылдын 1-январына чейин салыктын бардык түрүнөн (кошумча нарк салыгынан тышкары) бошотулушат. Ошондой эле камсыздандыруу төлөмдөрүнөн дагы кутулушат.

Мындай жеңилдиктер мамлекеттик салык жана социалдык камсыздандыруу мекемелеринде 2022-жылдын 1-сентябрына чейин каттоодо турган, 14-17-сентябрда куралдуу жаңжал жүргөн аймактардагы бардык ишканаларга таратылат. Мындан тышкары чек арадагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган ишканаларды жер жана мүлк салыгынан бошотуу дагы жергиликтүү Кеңештерге сунуш этилүүдө. Ал эми Каржы министрлигине Социалдык фонддогу кемиген каражаттын ордун толтуруу милдети дагы тапшырылды.

Баса, Баткен облусундагы чек арадагы куралдуу кагылышуу маалында 11 административдик, стратегиялык объектилер, 323 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердикакушердик бекет зыян тартышты. 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлдү. 27 автоунаа дагы өрттөлүп-талкаланды. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү экиүч айда курууну  убада кылууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордук.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс