• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ӨЗГӨНДӨ ПРЕЗИДЕНТТИН КЕМПИР-АБАД БОЮНЧА ЖОЛУГУШУУСУНА 300 ӨЗГӨНДҮКТҮ ЖОЛОТУШПАЙ КОЮШТУ

Автор:ruh_admin

Окт 4, 2022

ОШ. Бүгүн Ош облусунун Өзгөн районунда Президент Садыр Жапаров жана  УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү калк менен КемпирАбад маселеси боюнча жолугушуп жатышат. Бул кездешүүгө Жогорку Кеңештин детутаты Адахан Мадамаров жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы катышышмак эле.

Анткени, ушуш жылдын 29-сентябрында бул аймакта митинг өткөрүлүп, анын катышуучулары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине абдан кооптонушуп, Президенттен жана Жогорку Кеңештен кол коюлган акыркы протокол боюнча    кенен-чонон түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

Ошондуктан, Президент Садыр Жапаров жана  УКМКНын төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан жыйын Өзгөн райондук акимчилигинин жыйындар залында өтүп жатат. Тилекке каршы, ичкериге “Батпайсыңар” деген шылтоо менен киргизилбеген 300 чакты адам көчөдө калышты. Анткени, акимчилик ушул тапта милициянын курчооосунда гана турат. Укук коргооо органдарынын өкүлдөрү бул жолу кездешүү эки этапта жүрүп, Президегнт баардыгын кабыл алаарына ишендирип жатышат.

Ошентип, Өзгөндө “КЕМПИР-АБАДДАН КОЛУҢДУ ТАРТ, БИЙЛИК!”, “ПРОТКОЛДОР ЖОККО ЧЫКСЫН!” деген талаптарын көтөрүшкөн жарандар Өзгөн райондук акимчилигинин алдында дагыле турашат. Алар менен Президент Садыр Жапаров жана  УКМКНын төрагасы Камчыбек Ташиев жолугушаары белгисиз…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс