• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

С. АЙЖИГИТОВ: “ЧЕК АРА БЕКЕТТЕРИНИН АЛЫНЫШЫНА КАРШЫМЫН!”

Автор:ruh_admin

Окт 3, 2022

БИШКЕК. Баткен облусунун мурунку губернатору, ушул тапта Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов  чек ара бекеттерин алуунун олуттуу кесепеттерин ачыктады. Эл өкүлү 1994-жылы кабыл алынган келишимге таянып гана саясат жүргүзүү керек деп эсептейт.

  • Стратегиялык маанидеги эки чек ара бекетинин бири 2019-жылы алынган, экинчисиДача”. Эгер бул дагы алынса, анда биз бул тилкени көзөмөлдөөнү толук бойдон жоготобуз. Жылма жол менен жылышып кирген тажиктердин жерлерибизди дагы ээлеп алуусуна гана өзүбүз жол ачып жатабыз. Ал эми Ворухтун чыгыш жагында Кык деген жайлообуз бар. Жайыттарды жана токойлорду коргош үчүн  БулакБашы чек ара бекети коюлган. Керевшин деген дагы абдан чоң жайлообуз, АкСай дарыябыздын башы дагы дал ошол жакта. Жылма жолду жабуу үчүн биз Тамдык чек ара заставасын түзгөнбүз. Муну менен бул аймакты тыкыр көзөмөлдөө максатыбыз бар эле. Эми аны сойломо жолу аркылуу келишип, тажиктер беймарал ээлей беришет, деп тынчсызданды Жогорку Кеңеш депутаты Султанбай Айжигитов.
  • Ал эми КаттаТуз жакта мунай менен газдын бир топ кору дагы бар кен жайгашкан. Ушул тапта тажиктер ал газды дагыле мыйзамсыз колдонуп келе жатышат. Ошону толук алып койбошу үчүн чек ара бекетин койгонбуз. Баса, ал жерде эл жашабайт, демек, коңшуларыбыздын ачык эле басып алуусуна биз жол ачтык.

Ошондуктан, Баткен облусунун мурунку губернатору Султанбай Айжигитов  бул сапар Тажик тарап агрессия жолу менен мажбурлап 42-протоколго кол койдурган деп эсептейт.

  • №42протокол менен ошол чек ара бекеттери алынды. Дал ушул аянтча аскердик жаңжалдын булагы имиш, алып салсак түбөлүк тынчтык болот дешет. Бул абдан чоң жаңылыштык! Чындыгында, өз ара кагылышуулардын булагы башка жакта жатат. АлТажикстандын расмий саясатында! деп кошумчалады Баткен облусунун мурунку губернатору, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов.

Буга улай эл өкүлү Султанбай Айжигитов ушуга дейре түзүлгөн ар кандай протоколдорду дагы токтоосуз жокко чыгаруу зарылчылыгын  кошумчалады. Антпесе, документтин юридикалык күчкө ээ эместигине карабастан, Тажикстан бул документтерди бетине гана кармап кол салуусун дагы эле уланта берээрин эскертти.

  • Тажикстандын тышкы иштер министри БУУда 210  миң чарчы

чакырым жерге дооматын артып жатат. Ушинтип укуктук мааниге таптакыр ээ эмес протоколдорду шылтоо кылып саясат жүргүзүүдө. Ушундан баш тартпаса, мындан ары деле  жаңжал улана берет, коңшуларыбыз мындан дагы чоң агрессияны башташат. Биз президент Садыр Жапаровдун  БУУда айткан сөздөрүн толук бойдон кубаттап, 1994-жылы чек ара аймактары тууралуу Президенттер кол коюшуп, парламент ратификация кылган келишимдер менен гана сүйлөшүшүбүз кажет! Бул эң тынчтык, компромистүү жана чукул арада чечиле турган жол. Ушуну расмий саясат кылышыбыз абзел! деди Баткен облусунун мурунку губернатору, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов.

Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстан менен Тажикстандын бийлиги ушул жылдын 25-сентябрында чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу максатында атайын протоколго кол коюшкан. Буга ылайык кыргыз тарапТамдыкзаставасын, “БулакБашы”, “КаттаТуз”, “АкСайчек ара бекеттерин, Тажик тарапБедакзаставасын, “Кех”, “Каракчикум”, “Шаршарачек ара бекеттерин алып салышат. Аталган бөлүктөрдүн имараттары жана курулмалары толук консервацияланат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөт автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс