• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ОШ ШААРЫНДА ЗАМАНБАП  САНИТАРДЫК ПОЛИГОН КУРУЛАТ

Автор:ruh_admin

Окт 3, 2022

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасына заманбап жапжаңы санитардык полигон курулат. Бул туурасында Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясында Ош шаарынын вицемэри Сонунбек Жунусбаев шардана кылды.

Сонунбек Жунусбаевдин айтымында, азыркы полигондун жанына жаңы жана заманбап санитардык полигон курулат. Анын пландалган аянты 24 гектарды түзөт.

  • Биз 5 жылдан бери башка жактан, шаардын четинен жер издештирип жүргөнбүз. Бирок, ылайыктуу жер таппай, азыркы жердин жанына куруу чечими кабыл алынды. Иш-чаралар ЕРӨБдүн (ЕарАзия Өнүгүү Банкынын) атйын долбоорунун алкагында гана жүргүзүлөт. Ушул тапта даярдык жараяны кызуу жүрүп жатат. Бирок, азыр иштеп аткан полигонду рекультивациялоону Европа стандартына ылайык жүргүзүү зарыл. Андан кийин гана ал жабылат. Андан ары алдын ала долбоор даярдалгандан кийин европалык стандартка ылайык жаңы санитардык мыкты полигонду куруу иштери башталат, деп кошумчалады Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев.

         Ош шаарынын жетекчилиги кыйла жылдан бери сөз жүзүндө мындай полигондордун далайын курушту го. Эми бул полигон ишке киргизилгенде эле ишенбесек…

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы.

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс