• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕГИ ОКУЯЛАРГА БАЙЛАНЫШТУУ БЫЙЫЛ ОШ ШААРЫНЫН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНБЕЙТ!

Автор:ruh_admin

Окт 3, 2022

ОШ. Баткен облусунда катталган соңку кайгылуу окуяларга байланыштуу быйыл Ош шаарынын күнүн белгилөө токтотулду. Ошондой эле мэриядан бир катар майрамдык иш-чаралар жана салтанаттар дагы өткөрүлбөй тургандыгын дагы кошумчалашты.

Белгилей кетээрибиз: 2000-жылы президенттин жарлыгы менен Ош шаарынын 3000 жылдыгы салтанаттуу белгиленген. Ошондон бери 5-октябрда шаар күнүн белгилөө кадимкидей салтка айланган.

Эскертчү жагдай: үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргызажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун ЧоңАлай районундагы чек аралык жана жарандык объектилерге чабуул жасаган. Мындан 140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун аймагында 600дөн ашуун турак жай талкаланган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жапа чегишти.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс