БАТКЕН. Баткен облусундагы Көк—Таш — Ак—Сай — Тамдык автоунаа жолунунун 7-километринде жаңы көпүрөнүн курулушу аяктады.
Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай аталган көпүрөнү “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2-жол тейлөө башкармалыгы куруп бүткөрдү.
Баса, ушул жылдын 17-сентябрында Көк—Таш — Ак—Сай —Тамдык унаа жолунун Дача—Чайкана тиллкесинде Тажик аскерлери Ак—Суу дарыясына орнотулган 36 метрлик көпүрөнү жардырып жиберишкен. Бул көпүрө калк үчүн дары—дармек, азык—түлүк жана башка керектүү товарларды жеткирүүчү эң керектүү өтмөк эле. Ал эми жаңы көпүрө аталган көпүрөнүн жанына гана курулду.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөтү автордук.