• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

СУЗАКТА МИЛИЦИОНЕР ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕК КЫЗГА ҮЙЛӨНГӨН

Автор:ruh_admin

Сен 28, 2022

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда РИИБнын кызматкери, 1994-жылы туулган Э.К. Базар-Коргон районунун жашы жете элек 2005-жылы туулган тургуну К.Х.га үйлөнгөн. А түгүл экөөнүн никесин Базар-Коргон районунун Акман Айыл Өкмөтүнүн имамы И.Р. өзү кыйган.

         Бул жорукту Сузак районунун прокуратурасы дыкат териштирип-аныктап, жашы жете элек кыздын укугу өткөн жылдын 20-декабрында чындап бузулгандыгын ырастады. Ошондуктан, Кылмыш-Жаза Кодексинин 175-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Сузак районунда РИИБсынын кызматкери Э.К. га, жашы жете элек кыздын апасы К.В.ге жана нике кыйган имам И.Р.ге айыптары угузулуп, ал эми Э.К.  ээлеген кызматынан дагы бошотулду.

         Соңку сааттарда тергөө аяктап, кылмыш ишин Сузак райондук соту караштырып жаткан маалы.  

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс