• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ООГАН КЫРГЫЗДАРЫ ЭМИ ГАНА КАЙРЫЛМАНГА АЙЛАНЫШТЫ

Автор:ruh_admin

Сен 28, 2022

ОШ. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Ооганстандын Улуу жана Кичи Памир аймактарынан 18 этникалык кыргыз Ош облусунун Чоң-Алай районунан көчүрүлүп келинген. Алар райондогу 44-кесипчилик лицейине убактылуу жайгаштырылган.

         Ушул тапта жергиликтүү бийлик памирлик бир боорлорубузду күнүмдүк оокатазык жана дагы турмуш-тиричилик буюм-тейимдери менен үзгүлтүксүз камсыздап гана келатат. Эми буларга туулгандыгы жөнүндө   күбөлүк жана жарандык паспорт берүү маселеси дагы оң жагына чечилип жаткан чагы.

         Соңку тапта Чоё-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев он памирлик кыргызга “Кайрылман” күбөлүгүн тапшырды. Эми оогандык кары-картаңдарга пенсия, буга улай он алты  жашка чейинкилерге кадимкидей мамлекет тарабынан пособие чектөө жагы дагы активдештирилди.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс