• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕ ЧЕК АРАГА  ЧОГУЛГАН ЭЛ МЕНЕН БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮ СҮЙЛӨШҮП ЖАТЫШАТ

Автор:ruh_admin

Сен 28, 2022

 ОШ. Баткенде Кыргыз-Тажик чек ара маселесине байланыштуу жергиликтүү тургундар менен Президенттин Баткен облусундагы  өкүлү Абдыкарим Алимбаев жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жолугушту. Алар ушул тапта Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын залында сүйлөшүп жатышат.

Анткени, 27-сентябрда Баткен облустук акимчилигинин алдына адамдар топтолуп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча кабыл алынган соңку чечимдер жөнүндө түшүндүрмө берүүнү суранышкан. Бул акцияга Ак-Сай, Самаркандек жана чек ара тилкесинде жайгашкан башка дагы айылдардын тургундары катышып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тажик тарап менен кол коюлган протокол тууралуу кеңири маалымат берүүсүн талап кылышкан. Анткени, 25-сентябрда Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун жолугушуусунун жыйынтыгында протокол кабыл алынган. Анын негизинде эки тараптан төрттөн бекет алынмай болгону кабарланган. 16-17-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан “Тажикстандын алдын ала пландалган куралдуу агрессиясы” деп атап келатат.

Кыргызстан Тажикстандын кол салуусунун бери дегенде 62 жаранынан айрылды. Булардын кыркы — аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө чукулдады, алардын 13үбалдар, 14үаялдар. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапкандыгын билдирди, Ал эми “»Озодиүналгысы 74 кишинин тизмесин жарыялады.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс