• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

 БАТКЕНДЕГИ ЖАҢЫ ҮЙЛӨР ЭКИ-ҮЧ АЙДА БҮТӨТ

Автор:ruh_admin

Сен 27, 2022

БАТКЕН. Баткендеги чек ара жаңжалынын маалында талкаланган үйлөрдүн ордуна ар бири 100 чарчы метрлик үйлөр салына тургандыгын мамлекет башчысынын администрациясынын Президенттин жана Өкмөттүн чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев шардана кылды.

Айбек Жунушалиев курулуш иштерин эки-үч айда жыйынтыктоо пландалып жаткандыгын ачыктады: — Ар бир айылды зерикпестен кыдырып, изилдөө гана жүргүзүп жатабыз. Үйлөр 100 чарчы метрден өйдө болот. Себеби айыл жергесинде чоң үй болбосо, чынында, ыңгайсыз. Анан дагы сөзсүз жергиликтүү калктын айтып жаткан талаптарын дагы эске алабыз. Президенттин 2-3 айда бүтүрүш керек деген талабы бар. Биз иштерди эртелеп баштап, ыкчам бүткөнгө толук шарт түзүшүбүз абзел. Азыр курулуш иштерин жүргүзө турган фирмалар белгиленип, курулуш материалдарынын эсеби чыгарылып жатат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин соңку маалыматына караганда, Баткенде соңку окуянын кесепетинен 432 үй, 285 сарай, алты мектеп, алты бала бакча, 9 административдик имарат, 26 автомашина жана тиричиликти камсыздоочу 171 объект талкаланды. Кыргызстан бул кол салуудан жок дегенде 59 жаранынан айрылды. Булардын кыркы — аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө чукулдады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс