• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕ ТАЛКАЛАНГАН ҮЙЛӨР ТАЗАЛАНЫП, КУРУЛУШКА ДАЯРДАЛУУДА

Автор:ruh_admin

Сен 27, 2022

БАТКЕН. Ушул тапта Баткен жергесинде талкаланган үйлөр чекесинен тазаланып, курулушка даярдалууда. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Ак-Сай жана Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер Айыл өкмөттөрүнө караштуу айылдарда талкаланган үйлөрдү бузушуп, тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыктарынын, райондук бөлүмдөрүнүн өздүк курамы байма-бай тартылды.Ушул тапта алар  26-сентябрдан тарта кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусунан улам жашоого жараксыз болуп калган үйлөрдү бузушуп, ал жерлерди тазалап жатышат.

Белгилей кетчү жагдай, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунда жалпы жонунан 618 турак жай талкаланган. Анын 453ү кайра курулуп, калган 165 үй капиталдык оңдоодон өткөрүлмөкчү.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс