• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

АЙРЫМ БАТКЕНДИКТЕР ҮЙЛӨРҮНӨ КАЙТА БАШТАШТЫ

Автор:ruh_admin

Сен 27, 2022

БАТКЕН. Баткендин чек арасындагы каргашада үй-жайын таштай качышкан тургундардын айрымдары өз үйлөрүнө кайта башташкандыгын Ички иштер министрлиги шардана кылды.

Ошондуктан, Ички иштер министрлиги Аймакта милиция кызматкерлери күнү-түнү күзөт жүргүзүп жатышкандыгын баса белгилеп, үйүнө кайтып жаткандарды, кантсе дагы, этият болууга чакырды: — Айыл ичинде же короодо, үйдө жарылбай калган снаряддарды, жана дагы шектүү буюмдарды байкасаңызар, өз алдынча чара көрбөстөн, ал нерселерге жакын жолобой, дароо кайгуулда жүргөндөргө же ыкчам топторго билдириңиздер? Текшерүү иштери толук бүткөнгө чейин коопсуздук үчүн жана жолтоо болбоо үчүн кары-картаңдар, аялдар жана балдар эвакуация болгон жерлерде болушса, зарылчылык болсо үйлөргө кожоюндар эле келип турса деген сунушту берет элек.

Быйыл 14-16-17-сентябрда чек арасындагы окуядан 59 Кыргыз жараны курман болуп,   эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында маалымат берип жатып Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Тажикстанды «Бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады» деп айыптады. Ошол эле учурда Тажик тарап дагы бул кандуу окуя үчүн Кыргызстанды дагы эле күнөөлөп келатат.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс