• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МАРШУРТТУК КАТТАМДАРДЫН БАГЫТЫ ӨЗГӨРТҮЛДҮ

Автор:ruh_admin

Сен 27, 2022

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарында маршурттук каттамдардын багыты кыйла өзгөртүлдү. Бул жөнүндө Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарында жаңы ачылып жаткан муниципалдык базарга баруучу шаар тургундарына жана келген конокторго ыңгайлуу шарт түзүү максатында Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасына ылайык 10 маршурттук каттамдын багыты өзгөртүлдү. Тагыраагы, ушул жылдын 26-сентябрынан баштап 101, 102, 103, 105, 107, 108, 109, 110ка, 111, 112- маршурттук каттамдар аталган муниципалдык базардын жанындагы Түмөнбай Байзаков жана Курманбек көчөлөрү аркылуу өтө башташат.

Белгилей кетчү жагдай: Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинде жалпысынан 13 маршурттук каттам бар. Ал каттамдар аркылуу күн сайын 150дөй кичи автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп келет.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс