• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

Лейлек районун тартып алуу — башкы максат

Автор:ruh_admin

Сен 26, 2022

Рахмондун кылыктарына сергек акыл менен карашыбыз керек. Драмалаштыруу саясатта туура эмес. Анткени, саясат реалдуу жана идеализмге дээрлик орун жок. Эмнеге орун жок? Анткени, саясат — бул КЫЗЫКЧЫЛЫКтардын кагылышуусу.

Рахмон туура кылып жатабы? Ооба, туура кылып жатат. Тажик мамлекетинин кызыкчылыгында туура кылып жатат. Аста астадан бирок абдан эффективдүү иш алып бара жатат.
Кептин баары биз тарапта. Эмнеге? Анткени, биздин коом жомокко — калпычыларга ишенет, аларды бйиликке шайлап алат.
Ким калпычы болот? Билими жок, ач көз, уурулар калпычы болот. Анткени, арты таза эмес, башында билими жок. Булар үчүн саясатка эн кыска жол — бул калп. Калпычы жана ууруларды элита кылып алганбыз. Алар мамлекетти тоноп жатып импотент кылып койушту.
Эмнеге Рахмон кол салып жатат?
Бул экспанция саясаты. Буларга жер керек. Анткени, тажик эли 10 млн. элге жетти- Тажикстан тоолуу олко, эли болсо дыйкан. Ушунун 8-9 млн.дойу Жалал-абад областындай болгон жерде тыгылып жашашат. Картадагы жашыл боек менен бойолуп турган райондордо калк эн жыш жашайт — 1000 киши 1 км2’га (Мисалы, Ош, Чүй областтарында 100 киши 1 км2). Тилекке каршы, Согд району (3 млн. эл) Лейлекти курчап турат. Ворухта болсо 50,000дей киши жашап, батпай калышты.
Бул шишип келе жаткан социалдык проблеманы кантип чечет? Кыргызстандын эсебинен. Анткени, башка вариант ЖОК. Элге жер бериш керек. Лейлекти аннекция кылуу эн кыска жол.
Ворухка жол деп ар кандай уступкаларды талап кылуу — экспанция саясатын ишке ашыруудагы механизмдер.
Ворух Тажикстандын ичинде деген мамлекеттик саясат тажик бийлиги куулук жана күч менен кыргыз жерлерин басып алып, Ворухту кошуп алуу максаты ачык экенин көрсөтүп турат. Ворухту кошушса, Лейлек анклавга айланат. Анклавда чыр чыгарып турушса, эл өзү тажап, чыгып кетет (Мындай саясат келечекте чон согушка алып келет).
Бул планды ишке ашырыш үчүн булар кыргыз бийлигине ар кандай ходдорду жасап келишет. Бизде бийлик тез алмашкандыктан, ар бийлик менен ар кандай соода кылышып, кийинки келген бийлик мурунку бийликти четке каккандыктан (керек болсо куугунтуктагандыктан), кийинки бийлик менен соодасын мурунку бийликтен дагы ашыра жасап келишет. Бизде институтцияналдык эс-тутум жок болгондуктан, жаны протоколдорго кол кое беришет, мурдагы бийликтин соодасы унутта калат (бизден бир ооз сурап койгон жок деген эскилер жакшы мисал). Төрт көчөө протоколу, Жениш Раззаковдун протоколдору, 39-42 протоколдор эн жакшы мисал. Протоколдор менен Рахмон бирден кадам жыла берет, жер-жол алат, корридор ачат, заставаларды жоготот:
— Корридор менен тажик тараптын кызыкчылыгында юридикалык негиз пайда болуп, жер талаш башталат.
— Заставалардын жоктугу, ал турган территориялар талаштуу болуп калат.
Мисалы, 4 заставанын алынышы эн ТУПОЙ чечим. Ооба, согуш заставалардан башталып жатат демиш болушту. Бирок, Рахмон афгандык мужахиддерди алып келип, чек-арага армиясын топтоп келип кол салбадыбы. Заставаларды себеп дегендер ТУПОЙлор.
Тилекке каршы, белги жок (застава жок) жерге эми каалагандай киришип, сойломо саясатын жүргүзө башташат.
Буларды токтотуш керек. Токтотуш үчүн билимдүү адамдарды шайлаш керек: ун-май берди, шагыл төктү, көмүр берди, убада берди, кыйналып келди, биздин айылдан-райондон-областтан чыккан бала деген келесо менталитетти ташташ керек. Мисалы, Баткенге эн көп проблема жараткан адамдар — Аскарбек Шадиев, Икрамжан Илмиянов, Бурханов, Жениш Раззаков ж.б. — Баткендин кулундары болот.
Биз тагдырыбызды билимдүү балдар менен соодалашышыбыз керек, афиристтер менен эмес!
Рахмон өз кызыкчылыгын коргоп жатат жана эффективдүү.
Кыргыз бийликтери кыргыздын кызыкчылыгын коргоп келдиби?
Бир аферисттерди кетирип башка аферисттерди алып келе берсек, Рахмонго бензин чачып берген болобуз!
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс