• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ОШТО МИЛИЦИЯ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ ПАРА АЛЫП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Сен 24, 2022

ОШ. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы жарандан опузалап пара алып жатканда дароо кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, УКМК Ички иштер министрлигинин ИКК менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган («Опузалап пара алуу») кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине материал катталган. Ошентип, ушул жылдын 14-сентябрында кызмат адамдары тарабынан акча талап кылуу фактысын документтештирүү максатында Ош шаарында 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Ош ШИИБнын Ак-Буура шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Т.М.А. кармалды.

Кармалган кызматкер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза процессуалдык Кодексинин 96-беренесинин негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды. Ушул тапта бул кылмышка тиешеси бар башка дагы жагдайлар жана адамдар тыкыр иликтенип, ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп, тергөө жараяны активдүү башталды.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс