• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ОШ АЭРОПОРТУНДА ЭКСТРЕМИСТТИК МАТЕРИАЛДАРДЫ ТАРАТКАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Сен 24, 2022

 Ош Эл аралык аэропортунан диний-экстремисттик уюмдун материалдарын таратуу менен шугурланган жаран  кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Кылмыш-Жаза Кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгүндө («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү учурунда Ош шаарынын аэропортунан «Новосибирск-Ош» авиакаттамы менен учуп келген диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын таратуу менен алектенген Кыргызстандын Ж.М.П. аттуу жараны  кармалды.

Тиешелүү теологиялык экспертизанын жыйынтыгында, аккаунт аркылуу жарыяланган материалдарда диний-экстремисттик уюмдун символдору, экстремисттик чакырыктар табылды. Ушул тапта кармалган жаран Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс