• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕ ОКУУ ЖАРАЯНЫ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАТЫЛБАЙТ!

Автор:ruh_admin

Сен 24, 2022

БАТКЕН. Окуу жараянын калыбына келтирүү максатында китептер жана жабдуулар эсептелип жаткан чагы. Бул жөнүндө  билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, ушул тапта Баткендин мектептеринде видеосабактарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жаатында  сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

— Окуу жараянын оффлайн форматта жүргүзүү үчүн бузулбаган имараттар бир нече нөөмөт менен колдонулат. Окуу жараяны үзгүлтүккө учуратылбашы үчүн балдарды жакынкы мектептерге дагы бөлүштүрөбүз. Уюштурууга мүмкүн болгон жерде онлайн окутуу варианты дагы өтө катуу каралууда, — деп кошумчалады  билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Маалыматка ылайык,  Баткен жергесинде жалпысынан 195 билим берүү мекемесинде окуу жараяны убактылуу токтотулган.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс