• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

БАТКЕН РАЙОНУНДА 37 МЕКТЕП ЖАНА 36 БАЛА БАКЧА ДАГЫ ЭЛЕ ИШТЕЙ ЭЛЕК

Автор:ruh_admin

Сен 24, 2022

БАТКЕН. Баткен облусуна караштуу Баткен районунда 37 мектеп жана 36 бала бакча дагы эле иштебей турат. Бул жөнүндө Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев билдирди.

— Районубузда жалпысынан 55 мектеп жана 48 бала бакча бар. Булардын арасынан 17 мектеп, 12 бала бакча иштеп жатса, калгандары — кооптуу аймактардагы 37 мектеп жана 36 бала бакча дагыле иштебей турат, — деп кошумчалады Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев.

Районубуздун аймактарынан 60 миңге жакын жаран эвакуацияланды. Булардын 26-30 миңи районубуздун ичинде эле калтырылды. Ушул тапта аймакта абал салыштырмалуу туруктуу.

Эске сала кетээрибиз, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабастан, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге кадимкидей чабуул жасады. Мунун кесепетинен 140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза таап, 198 киши жапа чегишти.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс