• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ӨЗБЕКСТАНДЫН 3 ЖАРАНЫ КАРА-СУУДА КЫТАЙ ЖАРАНДАРЫН ТОНОШКОН

Автор:ruh_admin

Сен 24, 2022

ОШ. Кара-Сууда Кытай жарандарын тоноого шектелип жаткан Өзбекстандын 3 жараны акыры кармалды. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 11-сентябрында Кара-Суу райондук милициясына Кытай жарандары 1997-жылы туулган Л. Ц. жана 1991-жылы туулган Л. Ж. арыз менен кайрылышып, алардын убактылуу жашап жаткан батирине колунда бычагы бар беткапчан эки адам бастырып кирип, 1,5 миң доллар жана 50 миң сом акчасын алып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдиришкен.

Ушул эле күнү Кара-Суу РИИБсынын Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары үч адамды кармаган. Булар: Өзбекстандын жарандары, Ош шаарынын убактылуу жашоочулары 25 жаштагы М.А., 29 жаштагы А.С. жана Кара-Суу районунун убактылуу жашоочусу 25 жаштагы Н.М. кармалышып, Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган фактынын негизинде Кылмыш-Жаза Кодексинин 207-берененин («Каракчылык») негизинде кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар кошо дайындалды. Ушул тапта шектүүлөрдүн мындан башка дагы кылмыш жосундарына катыштыгы бардыгы же жоктугу ар тараптуу текшерилүүдө.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,

Сүрөтү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс