• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

ОШ ШААРЫНЫН КАЗЫСЫ БАТКЕН ОБЛУСУНАН КЕЛИШКЕН  ЖАРАНДАРДЫН АЛ-АКЫБАЛЫН СУРАШТЫРДЫ

Автор:ruh_admin

Сен 23, 2022

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов “Шейит-дөбө” Куран окуу борборуна жайгаштырылган Баткен облусунан келишкен жарандарга барып, алардан жеринде кабар алды.

Ушул эле жолугушуунун алкагында чек арадагы кандуу окуялардан жапа чегишкен мекендештерибизге материалдык жана моралдык жардамдар дагы көрсөтүлдү.

Эске сала кетээрибиз: Баткен облусунан келишкен жарандар Ош шаарындагы “Умму Мухаммад” медресеси, “Сулайман-Тоо” медресеси, “Шейит-дөбө” Куран окуу борбору, “Азирети Умар” мечити жана “Бакалбай-Ата” мечитине жайгаштырылды. Ошондой эле жогоруда аты аталгандардан башка мечит-медреселерге дагы жайгаштыруу үчүн даярдыктар көрүлгөн эле.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс