• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕ ТАЛКАЛАНГАН ТУРАКЖАЙЛАРДЫН САНЫ ЭСЕПТЕЛҮҮДӨ

Автор:ruh_admin

Сен 23, 2022

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 14-17-сентябрь күндөрүндөгү куралдуу кагылышуунунун кесепетинен Баткен облусунда талкаланган турак жайлардын саны азырынча 432ни чапчыды. Бул тууралуу аталган министрликтин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев атайын брифингде билдирди. Анын айтымында, Жарандык коргонуунун жергиликтүү комиссиялары аймактагы талкаланган турак жай, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелердин санын тактоону дагыле улантышууда.

  • Ушул тапта талкаланган турак үйлөрдүн саны дээрлик 432ге

жетти. Комиссия 285 короо-жай, мал сарай жана чарбалык обьектилер, 6 мектеп, 6 бала бакча, 2 саламаттык сактоо уюму, 9 административдик имарат, 26 автоунаа жана башка турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу 171 обьект талкалангандыгын ырастады. Эртеңден баштап обьектилерди курулуш иштерине даярдоо, калдыктарды тазалоо иштери башталат, — деп кошумчалады Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Ырысбек Жолдошбаев жарылбай калган 78 снаряд дагы табылып, алар саперлор тарабынан зыянсыздандырылганын кошумчалады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс