• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕ ҮЙ-ЖАЙЫН ТАШТАЙ КАЧЫШКАН 136 МИҢ АДАМДЫН 5,5 МИҢ ЧАКТЫСЫ БАШКА ОБЛУСТАРГА ОРУН КОТОРУШТУ

Автор:ruh_admin

Сен 23, 2022

БАТКЕН. Кыргыз-Тажик чек арасындагы соңку опуртал окуяларга байланыштуу Баткен облусунда үй-жайын таштап чыгууга мажбур болушкан 136 миң 770 жергиликтүү тургундун 5,5 миңден ашууну республикабыздын башка аймактарында экендигин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги акыры шардана кылды.

         131 миңден ашуун адам Баткен облусунун өзүндө эле жергиликтүү тургундардын үйүндө, дагы 4,5 миңдейи атайын эвакуациялык бекеттерде гана жансактап жатышат. Мындан тышкары Ош облусунун Тажикстан менен чектеш Чоң-Алай районунун Жекенди айылынан дагы 5 миңден ашуун адам эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги соёку сааттарда жалпы жонунан 1 миң тоннадан ашык гуманитардык жардам Баткен облусуна жеткирилгендигин маалымдады. Бирок, Чоң-Алайдын тургундарына кандай жардам берилип жаткандыгы алигүнчө айтыла элек.

Баса, ушул жылдын 17-сентябрында Чек ара кызматы Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы чек арачылардын позициясы Тажик тараптан аткылоого кабылгандыгын кабарлаган. Ок атышуу сүйлөшүүлөрдөн кийин гана токтотулган. Быйыл 14-16-17-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышта 59 Кыргыз жараны казаа таап, эки жүзгө жакыны түрүдүү даражада жараланды. Чек арадагы Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Ал эми Тажик тарап 41 жараны өлгөндүгүн жар салган. Бирок, “Озоди” үнлагысы жеке булактарына таянып, 63 тажиктин курман болгондугун ачыктады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс