• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ КУРАЛДУУ ЖАҢЖАЛДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА ПРОТОКОЛГО КОЛ КОЮЛДУ

Автор:ruh_admin

Сен 22, 2022

БАТКЕН. Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу, аскерлерди жана согуштук техниканы туруктуу жайгаштыруу жерлерине алып чыгуу жөнүндө атайын протоколго кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын УКМКсынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары –Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштин алкагында Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен ушул жылдын 19-сентябрында кечке маал жолугушту.

Маалыматка караганда, атайын сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атышууну токтотуу жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында эки өлкөнүн ортосунда Кыргызстан менен Тажикстандын согуштук аракеттерди толук токтотууну, аскерлерди жана согуштук техниканы туруктуу жайгаштыруу жерлерине алып чыгууну, чек ара заставаларын жана комендатураларды биргелешип текшерүүнү, үстүбүздөгү жылдын 14-16-сентябрында болгон окуяны кылдаттык менен ар тараптуу териштирүүнү камсыз кылуу жана чек ара аймактарындагы куралдуу кагылышууну жөнгө салуу жөнүндөгү протоколго дагы кол коюлду.

Баса, аталган Протоколго Кыргыз тараптан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы  Камчыбек Ташиев, ал эми Тажик тараптан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов кол коюшту.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс