• Сб. Ноя 26th, 2022

Популярные метки

КӨК-ТАШ — АК-САЙ ЖОЛУНДАГЫ ЖАРДЫРЫЛГАН КӨПҮРӨДӨ КАТТАМ КАЙРАДАН ЖАНДАНДЫ

Автор:ruh_admin

Сен 22, 2022

БАТКЕН. Баткенде Тажик тараптын кол салуусу маалында атайылап жардырылган көпүрө убактылуу калыбына келтирилип, бул тараптагы кыймыл кайрадан жандандырылды. Бул туурасында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев  билдирди.

— Тажик аскерлери жардырган көпүрө 36 метр, ал Ак-Сайга жеткирчү. Бул көпүрө аркылуу жүрүү мүмкүнчүлүгү чоң машиналар үчүн дагы, жеңил машиналарга дагы бар, — деп кошумчалады транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев.

Өкмөт мүчөсүнүн орун басары көпүрөнү жаңылап кайрадан куруу үчүн атайын техникалар мобилизация болуп, иш башталгандыгын кошумчалады. Айтмакчы. транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы «16-сентябрда Баткен районундагы Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык автожолунун жетинчи чакырымындагы Дача – Чайхана тилкесинде Ак-Суу дарыясына курулган көпүрөнү тажик аскерлери жардырган» деп билдирген эле. Бирок, Тажик тарап бул боюнча алигиүнчө комментарий бере элек.

Эске сала кетчү жагдай: быйыл 14-17-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган. Кыргызстан жок дегенде 59 жаранынан айрылды. Булардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды. Чек арадагы Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапкандыгын билдирди. 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс