• Сб. Ноя 26th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕГИ КЫРДААЛДАН УЛАМ ОШТО ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ШТАБЫ УЮШУЛДУ

Автор:ruh_admin

Сен 22, 2022

ОШ. Жогорку Кеңенштин бир катар депутаттаты Баткен жергесинен Ош шаарына эвакуацияланышкан жарандардан кабар алышканча, алар менен баарлашып, муң-зарын тыңдашты.

Ошентип, Баткен жергесиндеги соңку кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Түштүк башкалаасынджа Жогорку Кеңештин атайын штабы дагы шашылыш түзүлүп, тийиштүү жумуштарды алып барууда. Адегенде Кыргыз парламентинин мүчөлөрү Сүйүнбек Өмүрзаков, Алишер Козуев, Жанарбек Акаев жана Эмил Жамгырчиев Ошко келишип, Баткен облусуна гуманитардык жардам жөнөтүү жараянына катышышты. Буга улай алар Ош шаардык күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен дагы кезигишип, аймактык коопсуздук маселелерин орой-чарай талкуулашты. Мындан тышкары эл өкүлдөрү Ош жергесине эвакуацияланышкан жарандарга дагы кезигишип,  алар менен орой-чара сүйлөшүштү.

Ушул тапта Баткен жерегсинен эвакуацияланышкан жарандар үчүн Ош шаарында жатак жайлар даярдалып, тынымсыз келгендерге медициналык жардамдар дагы көрсөтүлүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс