• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕ БАЛА БАКЧА, МЕКТЕПТЕР АЗЫРЫНЧА АЧЫЛБАЙТ

Автор:ruh_admin

Сен 22, 2022

БАТКЕН. Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан улам эвакуацияланган жергиликтүү калк али үйлөрүнө толук кайтыша элек. Ошондуктан, Баткендеги мектептердин жана бала бакчалардын баары тең азырынча иштешпейт. Ал эми дүкөн, коомдук тамактануучу жайлар, банктарга 20-сентябрдан тарта иш баштоо эскертилгендигин президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдыкарим Алимбаев ачыктады.

— Баткен облусу боюнча 28 жерде Банк болсо, булардын үчөө гана иштебей турат. Калган баарына иштесин деген талап коюлган. Баткендин мэрине дагы тапшырма берилген. Андыктан, кафе-ашкана, дүкөндөр баары эртеңден тартып ишке киришүүгө тийиш! Ал эми мамлекеттик кызматкерлердин баары ишине тегиз кайтышты, — деп кошумчалады президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдыкарим Алимбаев.

Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан кийин Баткен облусунда болжолдуу 282 турак жай, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелер жапа чегишти.  Куралдуу кагылыштын кесепетинен 183 адам жараат алып, 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка убактылуу жер которушту. Ал эми Тажикстандын бийлиги чек арадагы кагылышта 41 жараны мерт болгондугун расмий маалымдады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс