• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕ АЛГАЧКЫ ЭСЕП БОЮНЧА 364 ТУРАК ЖАЙ ЖАПА ЧЕККЕНДЕГИ АЙТЫЛДЫ

Автор:ruh_admin

Сен 22, 2022

БАТКЕН. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул жылдын 14-17-сентябрь күндөрүндөгү куралдуу кагылышууда Баткен облусунда талкаланган туракжай, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелердин санын тактоону дагы  эле улантууда.

Алдын ала эсептөөлөргө караганда, Баткен облусунда 364 туракжай, 168 чарбалык имараттар, беш мектеп, үч бала бакча, бир ФАП, беш администрациялык мекеме жапа чекти, — деди Өзгөчө кырдаалдал министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев.

Ырысбек Жолдошбаевдин айтымында, саналгандардын арасынан калыбына келтирүүгө таптакыр мүмкүн болбогон имараттар толук бойдон сүрдүрүлүп жаткан маалы. Анткени, булардын ордуна  жаңылары курулмакчы.

Баса, Баткен жергесиндеги 14-17-сентябрдагы куралдуу кол салуудан талкаланган аймактарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Аны Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өзү жетектейт.

— Талкаланган обьекттердин баары кышка чейин сөзсүз калыбына келтирилет. Аскерлер — казармаларга, ал эми жарандарыбыз — жаңы үйлөргө суук түшкүчө киргизилет. Эң зарыл болгон объекттерди 40 күндүн ичинде калыбына келтиргенге аракет кылып жатабыз! – деген Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров.

Айтмакчы, ушул жылдын 18-сентябрында президент Садыр Жапаров «Баткен жана Ош облусттарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгон эле. Буга ылайык эки облуста болгон куралдуу кагылыштан жабыр тарткандарга жардам берүү, талкаланган объекттерди калыбына келтирүү Министрлер Кабинетине тапшырылган.

Кыргыз-Тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышуудан Кыргызстанда 59 адам мерт тапкандыгы расмий кабарланды. Мындан тышкары дагы 183 адам түрдүү даражада жараланышты. 140 миңден ашуун адам коопсуз жактарга дароо эвакуацияланды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөтү автордуку.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс