• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

БАТКЕН ОБЛУСУНДА 4,3 МИҢ ҮЙ ЖАРЫКСЫЗ КАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Сен 22, 2022

БАТКЕН.  Баткен облусунда ушул тапта 4 миң 320 үй таптакыр жарыксыз калышты. Бул туурасында «Кыргызстан Улуттук электр тармагы» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка каарагнда, ушул тапта Баткен жергесинде электр энергиясын калыбына келтирүү жараяны кызуу улантылууда. Анткени, ушул жылдын 19-сентябрына карата Баткен жана Лейлек райондорундагы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы согуштук аракеттердин натыйжасында 6-10 кВ аныкталган 19 жогорку чыңалуудагы 6-10 кВ аба чубалгыларынын 8и чыңалуусуз калган. Ошондой эле 4 миң 320га жакын үй электр энергиясыз калышты.

Ушул тапта кайрадан калыбына келтирүү жараяны кызуу жүрүп жатат. Такталгандай, учурда Кыргызстандын улуттук электр тармагы ишканасы ишканасынын  ыкчам топтору бүгүнкү күндө 6-10 кВ 11 аба чубалгысын туташтырды. Анткени, жалпысынан Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы согуштук аракеттер башталгандан бери 6-10 кВ чыңалуудагы 19 линия, ошондой эле 35 кВ чыңалуудагы бир линия аргасыздан өчүрүлдү. Жалпысынан Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун 39 калктуу конушу электр энергиясыз калды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс