• Пн. Сен 26th, 2022

Популярные метки

КЫРГЫЗ ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ ЭРДИКТИН КАШКАЙГАН ҮЛГҮСҮН КӨРСӨТҮШТҮ

Автор:ruh_admin

Сен 20, 2022

БАТКЕН. Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган куралдуу агрессиясынын кесепетинен Мекенбизди, Баткен жана Ош облустарынын  жай тургундарын баатырларча коргоп жатышып Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын бир катар аскер кызматкерлери каза табышты.

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын

жетекчилиги жана өздүк курамынын маалыматына караганда, Манас атабыздын эр жүрөк урпактары Аскердик антка бек турушуп, аларга коюлган тапшырманы ар намыстуулук менен аткарышты. Душманды Кыргызстандын аймагына таптакыр жолотушпай, дагы бир ирет чек арачылар өлкөбүздүн ишенимдүү калканы экендигин айгинелешти. Маркум жоокерлер өз өмүрүндө Ата-Журтка ак ниет кызмат кылуу жолун тандашып, көп улуттуу элибиздин коопсуздугуна,  эркин жашоо укугуна жан үрөп келишти эле. Атылган октон алоолонгон өттү көкүрөгү менен тосуп, эч нерседен коркпогон бул жоокерлер согуштук кырдаалда баатырдык жана кайталангыс эрдик көрсөтүштү.  Кагылышта  биздин уул, ага-ини, ата жоокерлерибиз — сержанттар, прапорщиктер жана офицерлер батырларча курман болушту.

Ошентип, Кыргызстандын  эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоо максатында баатырларыбыз бардык күчүн жумшоого, керек болсо өз өмүрүн дашы курмандыкка чалууга даяр экендигине алардын ар бири  качандыр бир убакта ант беришкен эле. Ошентип, булар ошол антына бек туруп, Түбөлүктүү күзөткө кетишти! Күтүүсүздөн уурман болгушкан күжүрмөн жолдоштордун жаркын элестери кесиптештеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Элдик баатырларыбыздын ысымдары Чек ара кызматынын тарыхый барактарына алтын тамгалар менен бадырайта жазылат. Эч бир жоошуткан сөздөр орду толгус жоготуунун  күйүтүн басаёдата албайт.   Курман болгондордун алдында бизбаарыбыз теё карыздарбыз! Баатырларга Чек арачыларыбызга түбөлүктүү даңк!

Ал эми Улуттук баатырларыбыздын тууган-уруктарына жана жакындарына  терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын жана кайгысын тең бөлүшөбүз!

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс