• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

КАТТА-ТАЛДЫК БАТКЕНГЕ ЖАРДАМЫН АКТИВДЕШТИРДИ

Автор:ruh_admin

Сен 20, 2022

ОШ. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык Айыл Өкмътү “Баткенге жардам” акиясын акыры активдештирди.

  • Бир боорубуз баткендиктердин Тажикстандын кол салуусунан ар

тараптуу жапа чегиши биздин дагы жүрөгүбүздү ыраса сыздатты! — деп тызылдады Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык Айыл Өкмөтүнүн жооптуу кызматкери Гүлбарчын СЫДЫКОВА. – Азырынча жарандарыбыздан 200 миң сом чогулду. Азык-түлүктөрүн дагы моминтип боз үйгө топтоп жатабыз. Буга дейре кыштагыбызды байырлашкан КАМАЗ айдоочулар 400 миң сом камдашкан эле. Алар буга зарыл азык-түлүктөрдү кошуп, Баткенге өздөрү жеткирип беришти.

Ал эми   Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык Айыл Өкмөтүнүн башчысы Кантөрө Жантөрөев кайрымдуулук жөрөлгөсү Айыл Өкмөтүндөгү он айылда тең мындан ары дагы улантылаарын убадалады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс