• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

ЧОҢ-АЛАЙ ЖАНА БАТКЕН ТИЛКЕСИ ТАЗАЛАНЫП ЖАТАТ

Автор:ruh_admin

Сен 20, 2022

БАТКЕН. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде ушул жылдын 20-сентябрынан тартып чек ара тилкелеринде снаряддар, миналар, ок-дарылар жана башка жарылуучу куралдар жарылбай калган аймактардан аныктоо, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлө тургандыгын маалымдады.

Ошентип, миналардан тазалоо иштери жүргүзүлө турган жерлер такай курчоого алынып, дыкат кайтарууга дагы алынат. Аталган иш-чаралар Кыргызстандын жана Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрү менен буга дейре өз ара макулдашылган.

Ошентип, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын  УКМКсынын мамлекеттик Чек ара кызматы чек арага жакын жайланышкан айыл-кыштактардын жана шаарлардын калкын сабырдуулукка, чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана тиешелүү маалыматтарды чек ара тарамдарынан же жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тактоого гана чакырып жаткан чагы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс