• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

ТАЖИК ТАРАПТЫН КОЛ САЛУУСУНАН ЖАПА ЧЕККЕНДЕРДИН САНЫ УЛАМ КӨБӨЙҮП БАРАТАТ

Автор:ruh_admin

Сен 19, 2022

БАТКЕН. Жапа чеккендердин көпчүлүгү Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларга которулушту. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышууларда алган жаракатынан улам ооруканага кайрылгандардын саны бүгүн эртең менен 163тү чапчыды. Бул фактыны Саламаттык сактоо министрлигинен дагы тастыкташты.

Ошентип, Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына өткөн түнү 19 жабырлануучу медициналык жардам сурап кайрылыщса, булардын арасынан 12си амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Ушул тапта 144 адам ооруканада дарылануусун дагы эле улантышууда.

Баса, жапа чегишкендердин басымдуулугу (102 адам) Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларга которулушту:

Улуттук госпиталь — 71 киши;

Улуттук хирургиялык борбор – 8;

Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8;

Тез жардам ооруканасы — 9;

Ош облустук бириккен ооруканасы – 4;

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы – 2.

Калган бейтаптар бүт Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында дарыланып жатышат. Эске салаарыбыз: Тажик тараптын кол салуусунан чек арадагы кандуу кагылышууда каза тапкандардын жалпы саны 59ду чапчыды.  

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс