• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

Иманбек Азизилла уулу, дин таануучу: «Мекенди коргоп жатып курман болгон жоокерлерди шейит деп тайсалдабай айтышыбыз керек»

Автор:ruh_admin

Сен 19, 2022

— Иманбек таксыр,  Баткен окуяларында Мекен чегинде курман болгондорду шейит даражасында болобу?

  • Албетте. Эч тайсалдабай туруп «шейит» деп айтууга толук негиз бар.

— Кыргызстан динге негизделбеген мамлекет. Светтик мамлекетти коргосо деле шейит деп атала береби?

  • Негизи Кыргыз мамлекети мусулмандар жашаган өлкө. Жоокерлер ошол мусулмандардын коопсуздугу үчүн кармашты да. Кээ бир адамдар Ыйык Курандагы Мааида сүрөсүнүн 44-аятын туура эмес түшүнүп, карапайым элдин башын айлантып жүрөт. Алардын оюнда Кыргызстан динге негизделбеген өлкө болбогондуктан, шейит болбойт имиш. Ырасында жогорку аят саясий эмес, өтө кеңири маанидеги аят. Дал ушул аятты негиз алган харижиттер айтылуу Азирети Алини капырга чыгарбады беле. Азыркы нео-харижиттер жана саясатты акыйдалаштыргандар ушул аят менен көпчүлүктү чочута берет. Имам Жабир ат-Табарий аяттагы «куфур» деген сөздү исламдан чыгуу эмес, Алланын ниматын четке кагуу деп түшүндүргөн. Ал эми чоң тафсирчи Фахриддин ар-Рази аяттагы каапырлыкты Алланын өкүмүн жүрөгү менен четке кагып, тили менен жокко чыгаруу деп мүнөздөгөн. Ар-Рази өкүмдөргө жүрөгү менен ишенип, бирок практикада аткарбаса капыр болбойт, фасык гана болот деген.
  • Кол башчыга баш ийүү шартпы?
  • Кол башчыга баш ийүү – ваажиб. Эгер баш ийүү болбосо бытырандылык, тартипсиздик жана эки дүйнөлүк жоготуу көп болот. Ошого момун-мусулмандар сабырдуу болуп, жоопкер адамдардын алдында бир муштум болуп биригиши керек. Анан баш ийбей ызы-чуу болуп, кан төгүлгөн жерге салпактап жетип барып өлүп келгени таптакыр туура эмес. Андан көрө аскер комиссариаттарына барып жазылып, үч ай машыгуудан өтүп, анан Мекенди коргоого аттанганы туура болот. Баары тартип менен болгону жакшы. Ээнбаштанып, ээн ооздонуп, ачууга алдырып кандуу конфликт болгон жерге даярдыксыз жана куралсыз жетип баруу натуура аракет. Алар өзгөнү эмес, өзүн сактай албай калышы мүмкүн. Ошол эле учурда жооптуулар да даанышман, стратег, көк жал болушу зарыл.
  • Согушка даярдык жөнүндө сөз болуп калбадыбы. Белгилүү эле адам мектептерге диндердин тарыхы предметинин ордуна аскерге чейин даярдык предмети кириши керек деп чыкты…
  • Негизи экөө тең маанилүү маселе. Сөзсүз эле тигинин ордуна муну, мунун ордуна тигини деген шашылыш жана кыйтыр ойлорду кое турган жакшы. Маселен, алгебра сабагы турмушта пайдасы жок теңдеме, туюнтмалар менен балдардын мээсин айлантып атат, андан көрө жеңил болуусу үчүн музыка кириши керек дегендей кеп болуп атпайбы. Ар бир предметтин өз орду, көтөргөн жүгү, көздөгөн максаты бар. Дин таануу предмети деле зарылдыктан кирип атат да.
  • Өткөндө жаңы предмет боюнча президентке кайрылып, маалымат жыйынын өткөрдүңөр. Министрлик талабыңарды аткардыбы?
  • Бул предмет Президенттин Жарлыгы менен кирип жатпайбы. Жарлыктын 3-пунктунда «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметин окутуу укугу эч бир диний секта жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими барларга берилет» деп бадырая жазылып турат. Кийинки эле абзацта «кадрлар жетишпеген учурларда, тиешелүү педагогикалык квалификациядан өткөн «тарых мугалими» квалификациясы менен педагогикалык билими бар адамдар бере алат» деп турат. Бирок көптөгөн мектеп директорлору, райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктарынын айрым кызматкерлери Указды окубаганбы же Президентти сыйлабайбы, айтор адистерди мектеп албай коюшту. Биз бүтүрүүчүлөр менен тынымсыз байланышып, адистерди мектепке албаган 1 же 2 эмес, дээрлиик 40 факты топтодук. 30-августка чейин теологдорду мектепке кабыл алуу дээрлик болбоптур. Ошондо Президентке 100 дөн ашуун адистер кайрылдык. Ошондо кээ бир мектеп жетекчилери коркуп кеттиби же ынсап кылдыбы, айтор 20 дай адис гана мектепке кирген. Кыргызстанда 2500 дөй мектепти эске алсак, бул 1 пайызга жетпеген көрүнүш да. Ошондо маалымат жыйынын өткөрүп, коомчулукту ушул процесс боюнча кабардар кылып коелу дедик. Кийин билим берүү министри өзү биз менен онлайн жыйын өткөрүп, кайрылуу боюнча иш алып барабыз деп айтты.
  • Бирок министрликтин басма сөз маалыматы силердин кайрылууңарды негизсиз деп билдирбедиби.

— Биздин чоңдордун көбүнүн көзү желкесинде окшобойбу. Чыркыраган чындыкты айтып турсаң, карандай калп менен жооп берет эмеспи. Биз биринчиден КР Президентинин Жарылыгын аткарууга алууга салым коштук. Экинчиден, министрликке жардам бердик. Үчүнчүсү жана эң негизгиси, Кыргызстанда жаш өспүрүмдөрдүн дин боюнча объективдүү маалымат алсын деген ойдо болдук. Эгер окуучу мектепте дин боюнча туура маалымат албаса, анда эртең радикалдык жана экстремисттик тайпалардан туура эмес маалымат алып калышы толук мүмкүн деп канча безилдедик? Жаштарды экстремизмдин колуна салып бербейли дедик. Ушул предмет аркылуу аз болсо да мамлекеттин диний коопсуздугуна салым кошолу дедик. Айрым адистер айлыксыз бекер иштегенге даярмын деп жатышты. Мамлекетке, жаштарга, элге күйгөн ушунчалык болот да. Дагы не кылыш керек?! Ушундай аруу, асыл ой менен бүт бардыгын мыйзамга жана этикалык нормаларга ылайык жүргүзгөнүнүбүзгө карабай, «теологдордун даттануулары негизсиз» дешсе күйүп кетет экенсиң адам.

— Бирок теологдор кечигип калышкан дешпедиби? Балким чын эле кечигип калгансыңар?

— Өзү Жарлык 7-июнь күнү чыгып жатат. Булар документтерди кабыл алууну өтө кыска аралыкка гана жарыялашкан. Башында үч жумушчу күн болсо, кийин бир аз узартышты. Көптөгөн адистер ойлонуп чечим кабыл алууга да үлгүргөн жок. Кыргызстан боюнча теология факультеттеринин 2000 ге чукул бүтүрүүчүлөрүнөн 350 сү жаңы предметтен сабак беребиз деген ниетин билдирсе, болгону 150 гө жетпегени гана документ тапшырууга жетишкен. Теологдор диний жогорку билимдүү мамлекеттик адистер болгонуна карабай, документтерин атайын органдарга жиберип, аларды текшертип, айтор министрлик көп убакыт жоготту. Мамлекеттик адистерге ишеним билдирбегенине көбү капа болду. Ал жактан болгону 100 дөн ашуун адиске сабак өткөнгө болот деген жооп келди деп айтты министрликтен. Мамлекеттин диний коопсуздугу үчүн көрүлгөн чара деп муну деле туура түшүнөлү. Бирок адистер атайын органдан жооп келген күндөн тарта мектептерге барышкан. А мектептер, «бар, сертификат алып кел, анан ишке алабыз» дешкен. Ошондо адистер жогорку теологиялык билимин тастыктаган мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар экенине карабай, тарыхчылар менен кошо алакандай сертификат үчүн окушту. Диплому турса сертификат талап кылуу планетада бизде гана болсо керек. Ошентип бүтүндөй дүйнө эс алып жаткан жай мезгилинде 100 гө жакын адис ысыктын күнүндө салпактап барып квалификациялык билимин жогорулатуу курсунан өттү. Азыр онлайн окутуу болуп жатат. Бул тренингдердин эң алгачкысы августтун 15-19 дарында башталган. Кийинкиси 22-26 да болду. Ал эми үчүнчү поток августтун 29-30 күндөрү гана болуп атпайбы. Кеч калган өздөрү, кеч калууга күнөөлөнгөндөр биз имишпиз. Андан кызыгы, биз окуган беш жылдык программаны кантип эки күндө үйрөтө салышмак эле. Бул эми мүмкүн эмес да. Жогоруда айтылгандай, тренингден өткөн 100 гө жетпеген адистин дээрлик бирөөнү да ишке албай коюшпадыбы. Ошондо гана айла жок Президентке кайрылдык да. Негизи логика боюнча булар теологдорду жогорку суммадагы айлык менен келишим түзүп, түптүз-түз мектепке чакырыш керек эле да. Сураныш керек эле. Антиштин ордуна ШБББ жана РБББ тиякка бар, биякка бар деп канчасын убара кылды. Ал эми мектептер «сертификатың кана?», «өзүмдүн тарыхчым бар», «2 саат үчүн айлык чыгара албайм», «тарификация боюнча мыйзамга туура келбейсиңер» деп ар кайсы шылтоону айтып туруп алышты. Указды көрсөтүп, окутуу укугун талап кылган адистерди кагып-силкип, «колуңан келгенин кылып ал, жогорудан теолог албагыла дешкен» деген сымак сөздөрдү айтып, мектепке иштейм дегендердин калоосун сындыргандар болду. Жогоруда айтылгандай, алгачкы тренинг августтун 22 синде араң бүтүп атса, анан мектептер кантип адистиги туура келбеген сертификаты жок тарыхчыларды беките салат? Мен ушуга түшүнбөдүм. Сертфикат азырга чейин бериле элек жана качан берилери белгисиз. Көпчүлүк мектеп директорлору Жарлыкты тебелеп, «тихо» эле алдын ала тарыхчыларын бекитип алганы негиздүү да, Жарлыкты боюнча иш алып барылсын деген теологдордун талабы негизсизби?

— Бирок теологдордун көпчүлүгү ислам дининин кармануучулары. Теологдор калыс сабак бере алабы?

  • Биринчиден, дин таануу предметинен сабак бере алчу жападан-жалгыз адистер бул – теологдор. Мисалы, биз 63 дисциплина боюнча окуган болсок, ошонун 20 дан ашууну педагогика, психология жана методика боюнча болуп атпайбы. Кээ бир өз багытын кыйратып окута албагандар «теологдор педагогиканы билбейт» десе түтөйсүң да. Сиз айткандай, теологдор Конституция кепилдеген дин тандоо эркиндигинин негизинде өзү каалаган динин кармана алат. Бирок предметтин талабын да сактай алышат. Себеби, булар адис. Анан атеисттер сабак өтсүн деген нерсе жок да. «Дин таануу» дегенди «дин таңулоо» деп түшүнгөндөр бар, эми алар аман болсун.
  • Кээ бир таксырлар жаңы предметте динибиз үстүртөн окутулат экен, мындай сабактын барынан жогу жакшы дешип…

— Жаңы предметте даарат, намаз үйрөтүлбөйт. Бирок диндин негиздери (акыйда), принциптери жана баалуулуктары окутулат. Кээ бир таксырлар жүз пайыз ислам дини үйрөтүлүшү керек дегенин мен да уктум. Бирок азыркы шартта андай кылуу канчалык реалдуу? Чынында исламий билим берүү «Дарул-Аркам» жана Асхабы Суффада гана идеалдуу болгон да. Себеби, ал жерде пайгамбарыбыз (с.а.в.) өзү окуткан. Анан кээде акыйкатты жеткирүү үчүн ар кандай шартка макул болууга туура келет. Мисалы, Худайбия келишиминде пайгамбарыбыз исламга 60-70 пайыз пайдасыз туюлган келишимге кол койгон. Аз өтпөй эле анын (с.а.в.) даанышмандыгы, көрөгөчтүгү, стратегдиги маалым болуп атпайбы. Ошондуктан кээ бир маселелерди терең түшүнбөй эле түкшүмөлдөп, божомол-дөдөмөл кылууну токтотуш керек.

  • Окуу китеби боюнча кандай көз караштасыз?

— Мен адис катары окуу китебин карап чыктым. Кээ бир субъективдүү көз караштагылар алдын ала эле ушул китепти кантип талкаласам керек экен деп ачып, оң-тетири сындап атпайбы. Анча-мынчасы качан эле актуалдуулугун жоготкон «Дин маданиятынын тарыхы» деген китепти сындап жүрөт. Негизи дин өтө олуттуу жана назик институт. Дин жөнүндө динсиздер, адистешпеген дилетанттар, светтик манипуляторлор, айтор иттин уулу байгарадан бери сүйлөп, анализ кыла бербеши керек. Суроого келе турган болсок, предмет жаңы кирип аткандыктан, келечекте оңдоп-түзөй турган жерлери бар. Өскөнбай Зууридинов агай айткандай, алгач адеп-ахлак, анан ислам, соңунда башка диндерди окутуу туура болот. Өз динин толук түшүнбөгөн темир канат балапан өспүрүмгө чү дегенде башка динди үйрөтүү максатсыз болуп калат. Кыргызстан калкынын 90 пайызы мусулманчылыкты карманат эмеспи. Мусулман баласына өз динин туура багытын үйрөткөн жакшыбы же тээ илгерки доордогу диндердин тарыхын окуткан жакшыбы? Өз дининин негизин билбеген балага буддизмдин негизинин не пайдасы бар? Предметтин кирип жаткан максаттарынын бири жана менимче эң негизгиси, экстремизмдин алдын алуу эмеспи. Экстремизм коркунучунан объективдүү билим жана туура маалымат берүү менен кыйгап өтүүгө болот. Башка жолу жок. Биз балдарга пайгамбарыбыз (с.а.в.) доорунан бери бузулбай келе жаткан таза, салттуу жолун үйрөтүүгө тийишпиз. Анын ичинен ханафилик укугун, матуридилик акыйдасын. Ортодон сорок этип чыга калган бидаатчылар, мазхабсыздар, акыйдасы бузук фиркалар, жаңылыш көз караштарды үйрөтпөйбүз да. Прдеметтин экинчи чейрегинде ислам боюнча болсо, үчүнчү чейректе салттуу мазхабыбыз болгон ханафилик жана матуридилик жөнүндө берилет. Ушуну теологдордон башкасы бере алабы? Тарыхчы, тилчи, географ ж.б. матуридилик акыйдасын түшүндүрө алабы? Окуучулардын диний суроолоруна канааттандырарлык жооп бере алабы? Предметтин максатын ишке ашыра алабы? Коомдогу диний чыңалууну басаңдата алабы же тескерисинче «чылпагын алам деп көзүн оюп» алабы? Дегеле экстремизмдин алдын ала алышабы? Демек суроо көп. Биздин көз карашыбызда теологдор ушул көйгөйлөрдү кандайдыр бир деңгээлде чечип бере алат. Адис деген адис. Математикадан математик бергендей эле, дин таануудан теолог гана бере алат. Бул нерсе дүйнөлүк практикада бышыкталган. Кыскасы теологдор мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясатына салым кошо алат деп ишенимдүү айта алам.

  • Жогоруда акыйда боюнча сөз болуп калды. Салттуу ислам боюнча муфтият эмне кылып жатат?

— Муфтият деле колунан келген аракетти кылып жатат. Бирок мүмкүнчүлүктөрү чектелүү да. Муфтияттын өзүндө 30 дан ашуун гана кызматкери бар. 9 казыяттагы штаттарды кошо эсептегенде 100 гө жетпеген кызматкери бар. Жалпы мечит имамдары, медресе устаздарын кошо эсептегенде да 4000 ге жепейт экен. Мынча киши менен чоң иштерди аткаруу кыйын. Анын үстүнө 1-2 жыл илгерки ажылыктын тегеринде болуп өткөн окуялар мекеменин кадыр-баркын кыйла түшүрө койбодубу?

  • Муфтияттын кадыр-баркын көтөрүү үчүн эмне кылыш керек деп ойлойсуз?
  • Өлкөбүздөгү жалпы мусулмандардын атынан расмий иш алып барган жападан-жалгыз организация бул – КМБД (муфтият). Муфтиятта көбүрөөк адам иш алып барышы керек. Мисалы, Түркиянын Дин башкармалыгында 130 миң кызматкер иштейт. Анан цифра чечет деген нерсе да жок. Муфтияттын ишмердүүлүгүнө илимий эркиндик болушу керек. Аталган мекеме шарияттык маселелерде эркин пикир билдирсе, мусулман коомчулугу тарабынан азыркыдан алда канча урмат-сыйга жана колдоого ээ болмок. Сөзү өтүмдүү болуп, жалпы мусулмандар угуп калмак. Ошондой эле салттуу эмес фиркалар, акыйдасы бузук топтор элди оңойлук менен азгыра албайт эле. Мындан сырткары ар кандай иш-пландар менен КМДБнын убактысын жана энергиясын алып жатпайбызбы. Ошого мамлекет тарабынан айлык чыгарып берүү жагын караса абдан жакшы болот. Азыр көрүнгөн келип муфтиятка асылып, жемелеп, «Муфтия дегениң НПО» деп айкырып атпайбы. Ошого балким кандайдыр бир мыйзамдар менен КМДБнын статусун көтөрүү керектир. Да бир маселе, учурда ишенимдүү медрселерден, теология факультеттеринен бүткөн тың чыкма балдар айлыктын аздыгынан чет өлкөгө мигрант болуп кетип жатат. Айлык акы жакшы болсо ошолор кетмек эмес жана элге диний агартуу жаатында кызмат кылмак. Адашкан агымдардын бузулган көз караштарын тыймак. Мисалы, жылына диний жаатта 300 бала салафиттик көз караштагы өлкөлөрдөн окуп, Мекенине кайтат деп айтылып жүрөт. Буларды атайын кызмат дыкат карашы керек. Диний жаатта иш алып баргандардын дин боюнча билими өтө терең болуп, профессионалдык деңгээлде иштеши керек. Акыйкат беткабын жамынган салттуу эмес багыттын өкүлү менен сабатсыздыктан жаңылыш пикир айткан туура жолдогу адамдын ажырата алышы кажет. Мындайча айтканда, сүткө түшүп калган ак жана кара жипти караңгыда жаңылбай таба турган болушу керек да. Мамлекет бузулган көз караштагылар менен тайманбай күрөшүп келе жаткандарды байкатпай коргошу зарыл. Илгери селжукиттер дөөлөтү Имам Газали сыяктуу залкар сунний аалымдарды жашыруун коргогон эмеспи. Дин атын жамынган багыттарга кирип кеткендер салттуу ахли сүннөт аалымдарына психологиялык басым жасап, коркутуп, сабап, алтургай өлтүрүүгө аракет кылуулар дайыма болгон. Азыр да бар, келечекте да болот. Себеби, акыйкат менен батылдык (адашуу) дайыма күрөшүп келет. Кээ бир инсандар акыйкат жолунда каза болсо бейишке кирет, аалымдар коркпой сүйлөгүлө дешет. Аалымдын баары бейишке кетип калса, элдин абалы не болот? Үммөткө ким кызмат кылат? Ошого кээ бир учурларда элдин биримдиги, мамлекеттин бүтүмдүгү үчүн ушундай кадамдар маанилүү болуп калат да.
  • Маегиңиз үчүн ыракмат!  

 

  • Маектешкен Эмилбек Момунов,

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс