• Пн. Сен 26th, 2022

Популярные метки

А. АЛИМБАЕВ: «ТАЖИК ӨКҮЛДӨРҮ ҮЙЛӨРДҮ ӨРТТӨП, ТОНОО МЕНЕН АЛЕКТЕНИП ЖАТЫШАТ»

Автор:ruh_admin

Сен 19, 2022
— Баткен районундагы Ак-Сай айылына элдер кирип жатат. Аскер кызматкерлери дагы ошол жерде жүрүшөт, — деди президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдыкарим Алимбаев.
Баткен облусунун жетекчисинин маалыматына караганда, ушул тапта Лейлек районундагы чек арага жакын Жаңы-Жер айылында көйгөйлүү маселе жаралды. Ошондой эле чек арага жакын жайгашкан Борбордук, Арка айылдарына Тажикстандын адамдары кирип келишип, үйлөрдү катарынан өрттөө, анан дагы талп-тоноо менен алектенип жатышат. Биз муну Тажикстагндын расмий бийлик өкүлдөрүнө дагы айтып, катуу талап коюп жатабыз. Ушул тапта ок атууну толук токтотуу, техникалардын чек ара аймагынан алып чыгып кетүү багытында иш алып баруудабыз, — деп кошумчалады президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдыкарим Алимбаев.
Баткен облусунун башчысы Абдыкарим Алимбаев Жаңы-Жер айылына күч түзүмдөрүн киргизүү керектигин дагы баса белгиледи.
— Бүгүн дагы бир катар айылдарда атышуулар жүрдү. Интернет булактарында такталбаган, анан дагы далилденбеген маалыматтар таратылып жатат. Ошондуктан, баардыгыңыздарды такталган гана маалыматтарга ишенүүгө чакырам! – деди Баткен облусунун башчысы Абдыкарим Алимбаев.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Баткен облусу,
Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс