• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

ЖАЛАЛ-АБАДДА СПИРТ ИЧИМДИКТЕРИН МЫЙЗАМСЫЗ ӨНДҮРҮШКӨН ЖАРАНДАР КАРМАЛЫШТЫ

Автор:ruh_admin

Сен 12, 2022

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарында колго жасалган спирт ичимдиктерин мыйзамсыз өндүрүп жүрүшкөн адамдар акыры кармалышты. Алардын жашыруун ишканаларынан алкоголдук ичимдиктердин ири партиясы дагы табылып олтурат.

Ошентип, алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз жана жашыруун түрдө гана өндүрүшкөн ЖалалАбад шаарынын тургундарына карата КылмышЖаза Кодексинин 240-беренесине (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) ылайык кылмыш иши козголду. Шектелген үч дарек боюнча атайын тинтүү жүргүзүү маалында жасалма алкоголдук ичимдиктер, жасалма акциздик маркалар, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди сатуудан түшкөн акча каражаттары жана дагы ар кандай фильтрлөөчү шаймандар кошо табылды. Соодалоо жараяны Жалал-Абад облусунун аймагындагы дүң соода түйүндөрүндө, салтанаттуу мааракелерди жана иш-чараларды өткөрүүчү коомдук тамактануучу жайларында дагы жүргүзүлгөнү ашкереленди.

Ошол эле учурда бул контрафакттык продукция калктын ден соолугуна дараметтүү зыян келтирип жаткандыгы аныкталып олтурат. Анткени, бул продукциялар сапатсыз, каттоодон өткөн эмес жана текшерилбеген, ошондой эле өндүрүш жана керектөө көзөмөлсүз бойдон калууда. Ушул тапта бул фактынын негизинде тергөө амалдары жандандырылды.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс